Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМДЫ ЖАРЫЯЛОО – белгилүү бир басылмада жарыялоо жолу менен мыйзамды жалпыга жеткирүү. М. ж-нун. ырасмий жана ырасмий эмес түрлөрү ажырымдалат. М.ж. ырасмий ишке ашыруу – кабыл алынган мыйзамдын ырасмий текстинин экинчи нускасын жарыялоо жана анын күчүнө кирүү убактысын аныктоо үчүн зарыл болгон – мыйзам чыгаруу ишинин өзалдынча баскычы. Ал шарттуу юридикалык мааниге ээ болот жана укук чыгаруучу органдын атынан кабыл алынган мыйзамдын толук жана так тексттин мыйзам жыйнактарында, укук ченемдерин колдонуу актыларында, басма жумуштарында ж. б. шилтеме жосоого болуучу мыйзамда каралган басылмада жарыялоодо турат. Мындай М. ж-до мыйзам анын текстинин тактыгы менен күбөлөндүрүлөт. Ырасмий эмес М. ж. басма, ведомстволук органдар, илимий мекемелер, жеке түзүүчүлөр тарабынан ишке ашырылат. КР – сында М. ж-нун ырасмий иши катары «Эркинтоо» газетасында, «КР мыйзам жыйнактарында», «КР Жогорку Кеңешинин Ведомостторунда», «КР Президентинин мыйзамдарынын жана актыларынын жыйнагында» М. ж. ырасмий болуп эсептелет.